• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Россиядан ташылып келе жаткан 44 тонна картошка артка кайтарылды

8 Үчтүн айы 202613:46 Бишкек Govori.TV

Россиядан ташылып келген 44,2 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл пунктунан Россиядан келген 44,2 тонна картошка өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталган.

Тактап айтканда, Өсүмдүктөрдү карантинге алуу департаменти текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаттын жоктугун аныктаган.

Бул ЕАЭБдин бажы аймагындагы фитосанитардык талаптарга туура келбегендиктен, жүк артка кайтарылган.

Количество просмотров: 148