• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россиядан учуп келген жаран экстремизмге шек саналып кармалды

22 Аяк оона 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Количество просмотров: 153