• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россияга кетчүлөргө жасалма документ саткан жаран кармалды

8 Бирдин айы 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Россияга учак менен кетип жаткан жарандар жасалма медициналык тактамаларды колдонгон факт аныкталды. Тергөө иштерин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүздү, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

«Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, Россияга учуп кетүүгө жардам бере турганын айткан. Бул иш Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча катталды», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Жабырлануучулардын бири Т.Н. 46050 сомго Бишкек—Москва каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алган.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар 0312 35-12-70, 0701 35-12-70 жана 0708 00-36-19 телефон номурлары аркылуу милиция кызматкерлери менен байланышса болот.

Количество просмотров: 96