• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Россиянын маданият министри коронавирус инфекциясын жуктурду

7 Бугу 2020 10:24 Бишкек Govori.TV

Россиянын маданият министри Ольга Любимова коронавирус инфекциясын жуктурду. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы министрдин басма сөз катчысына шилтеме берүү менен жазды.

«Ольга Любимова аралыктан иштеп жатат. COVID-19 вирусуна тапшырган тесттин жыйынтыгында оору аныкталды, министр учурда үйүндө. Видеоконференция режиминде кеңешме өткөрүп, онлайн форматтагы сүйлөшүүлөргө катышууда», — деди басма сөз катчы Анна Усачева.

Анын айтымында, министр айым оорунун жеңил түрүнө чалдыккан, ошондуктан ооруканага жаткыруу тууралуу сөз болгон жок.

Өткөн жумада Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Владимир Якушевден коронавирус аныкталган болчу.

Количество просмотров: 81