Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Маалыматта айтылгандай, Зиничев Норильск шаарындагы арктикалык аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча машыгууда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болду. Тактап айтканда, ал адам өмүрүн сактап калууга аракет кылган.
«Зиничев сууга кулап кеткен операторду куткарууга аракет кылганын жазды. Бирок оператор дагы, министр дагы каза болуп калды», — деп жазылат маалыматта.
Маркум 55 жашта болчу.