Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен республиканын прокурорлору 100 пайыз ротацияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Мындай кадам прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү, коррупциянын тобокелдиктерин азайтуу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү-өсүү үчүн бирдей зарыл шарттар менен камсыз кылуу максатында жасалган.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратура органдары боюнча:
Бишкек гарнизонунун аскер прокурору — Эрматов Өмүрбек Ташиевич;
Ош гарнизонунун прокурору — Тентиев Марс Жанышбекович;
Жалал-Абад гарнизонунун прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;
Балыкчы гарнизонунун прокурору — Сангимамат уулу Алмамбет.
Бишкек шаарынын прокурору — Нишанбаев Нурлан Шакарбекович;
Чүй облусунун прокурору — Каримов Эмир Каримович;
Нарын облусунун прокурору — Аттокур уулу Алтынбек;
Жалал-Абад облусунун прокурору — Киязов Алмаз Кемелбекович;
Ош шаарынын прокурору — Бектурганов Малик Маамыталиевич;
Ош облусунун прокурору — Асаналиев Максат Кубатович;
Толук тизмени Башкы прокуратуранын сайтынан көрсөңүз болот.