• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Роза Отунбаева 70 жашка чыкты

23 Баш оона 202016:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бүгүн, 23-августта 70 жашка чыкты.

Отунбаева Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттү жетектеген, кыйчалыш кырдаалда мамлекетти башкарууну колуна алып, президент болуп шайланган.

Роза Отунбаева 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап, 1972-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 23-августтагы туулган күнүндө берилчү гүлдестелерден баш тартып, гүлгө сарпталчу акчаны коронавируска каршы күрөшкөн медиктерге тартуу кылууну суранган болчу.

Количество просмотров: 352