Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын бөгөт чарасы өзгөрүп, 17-октябрда үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, Таштанованын бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыккан.
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованы жана «Бүтүн-Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаганы белгилүү болгон.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга чакырык») менен айып коюлган.
Белгилей кетсек, буга чейин мурунку Акыйкатчы Атыр Абдрахматова улгайган аялды камактан бошотуу боюнча чараларды көрүүнү айтып, башкы прокурордон жана парламент депутаттарына кайрылган болчу.