Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.
Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүүгө Оштон кошумча күч тартылды. Белгилүү болгондой азыр мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды.
Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, «Тез жардам» кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа тилсиз жоону өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.
Өрт болуп жаткан аймактан 2000ге жакын адам коопсуз жайга чыгарылды. Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы жана жалын чалган аянттын көлөмү аныктала элек.