• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өрт: Караколдо 13 адам эвакуацияланды

5 Үчтүн айы 202318:35 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 адамды куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тактап айтканда, Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, анда жашагандарды терезе аркылуу алып чыгышкан. Жерине 1 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 15:30да чектөөгө алынып өчүрүлгөн.

Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 456