Бишкек.29.01.18.Govori.TV
Кычыраган кыштын чилдесинин 28-январында борбордогу 3-кичирайондогу №24 үйдүн жер төлөөсүнөн өрт чыккан. Чыккан өрттүн жыйынтыгында электр жарыгы, жылулуук жана газ өчүрүлүп үйдө жашаган 20 тургун анын ичинде 11 жаш балдар үйдөн чыгарылган. Алардын бири менен Govori.TV сайтынын журналисти кабар алып келди
«Биз жашаган үйдө свет, газ жана жылулуук өчүрүлгөндүктөн күндүн суугунда жашоо мүмкүн эмес болчу. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатта. Мен үй-бүлөм менен учурда мейманканада баш калкалап жатам дейт»- үйдүн тургуну.
Эске салсак, 28-январда борбордогу 3-кичирайондун №24 үйдүн жер төлөөсүнөн өрт чыкканы тууралуу 101 маалымат келип түшкөн. Өрт убагында өчүрүлүп, эч ким жабыркаган эмес. Өрт электр тогунун зымдарынан келип чыкканы белгилүү болду.