• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өрттөнгөн вагондун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды

28 Тогуздун айы 2021 10:25 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Акбараков жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде куруучулар жашаган вагон күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарынын №7 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды. Өрт саат 20:28де чектөөгө алынып, саат 21:56да толугу менен өчүрүлгөн.

«Вагондун ичинен туруктуу жашаган жери жок адамдын жансыз денеси табылды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 692