• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рухани: «АКШнын санкциялары экономикалык терроризм»

26 Аяк оона 201812:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
БУУнун кезектеги жыйынында Иран президенти Хасан Рухани Трамптын айыптоолоруна жооп берди. Ал АКШнын БУУнун улуттар биримдиги резолюциясын бузганын сындап: «Улуттар биримдигин бузуу-күчтүүлүктүн эмес, интелектуалдык алсыздыктын белгиси, дүйнөнүн эриш-аркак бүтүндүгүн түшүнүүгө жөндөмсүз экендигин көрсөтүп турат. Дүйнө жүзү бүгүн кээ бир акылсыз, баамсыз мамлекеттердин айынан чоң коркунучта турат»,-деди.
Американын президенти Дональд Трамптын Иранга каршы киргизүүчү санкцияларын “экономикалык терроризм” деп атаган Рухани өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлогон башкаруучуларга дүйнө аманат кылынганына нааразылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын бул жолку жыйынында каралчу негизги маселе-Ирандын ядролук программасы, Мянмада кыргынга дуушар болгон рохинжа мусулмандарынын абалы жана эл аралык коопсуздук маселеси. Сессиянын алкагындагы сүйлөшүүлөр уланууда.
Количество просмотров: 119