• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Терроризм актысы боюнча жалган маалымат билдиргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

12 Баш оона 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

Терроризм актысы боюнча жалган маалымат билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, деп эскертет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ИИМ жардыруучу зат жөнүндө кабарлоо менен коомдук коопсуздукка кол саланып, уюмдардын, ишканалардын кадимки ишинин тартиби бузулуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылып, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтириле тургандыгын баса белгилейт.

«»Бомба» (террордук акт) жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенден кийин — кылмыш бүттү деп эсептелет. Билдирүүнүн формасы ар кандай болушу мүмкүн: оозеки жана жазуу, телефон чалуулар түрүндө. Көбүнчө терроризм актысы тууралуу чалуулар анонимдүү түрдө жасалат, бирок кылмыш жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалыматын атадыбы же атаган жокпу ага маани берилбейт. Сиздин аракетиңиздин мотиви ар кандай болушу мүмкүн: ээнбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү каалоосу, уюмдардын, ишканалардын кадимкидей иштөө тартибин бузуу ж.б. Ошол эле учурда, маалымат чындыкка дал келбейт, жардырууну жасоонун же калкты коркутуунун жана адамдардын курман болушунун, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн максаты жок», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кылмыш жасоо үчүн санкцияда 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка (жашы жете электер үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.

Количество просмотров: 88