• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Руслан Чойбеков: “Кыргызстан” саясий партиясында өзүн-өзү калыптандырган инсандар көп”

15 Аяк оона 2020 15:43 Бишкек Govori.TV

“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Чойбеков партиянын түптөлүшү жана алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.


— Руслан Нуркалиевич, “Кыргызстан” партиясынын түптөлүшү тууралуу айтып берсеңиз?

— Баарына маалым болгондой, 2010-жылдын апрель айындагы революцияда, июнь айындагы кандуу кагылыштарда бир топ жарандарыбыз мерт болуп, бир тобу дене жаракаттарын алып, мүлктөрү таланып-тонолду. “Эми тынчтыкты, биримдикти калыбына келтирүү керек” деген ой ар бирибиздин ар бирибиздин жүрөгүбүздө турду. Мына ушундай татаал учурда Шаршенбек Абдыкеримов агабыз жаштар кыймылын түзүүнү сунуштап, жабыркаган мекендештерге жардам берип, тамтыгы чыккан шаарларды калыбына келтирели деген демилгени көтөрдү. Ошентип, “Келечек” жаштар кыймылы түзүлгөн. Бирок, бул курам менен алыска бара албасыбызды, өмүр бою жаш бойдон калбасыбызды айткан агабыз кыймылдын атын өзгөртүп, “Кыргызстан” саясий партиясын түптөдү. Партия жаңыдан негизделип жатканда мен да юрист катары кол кабыш кылып, партиядагы мекендештерибиз менен пикирлеш, идеялаш болуп калдым. Көпчүлүккө маалым – бул партияда жалаң жаратмандар, өзүн-өзү жетилткен инсандар көп. Алар азыркы мезгилде мамлекеттин экономикасын алдыга жылдырууну биринчи планга коюшат жана өлкөбүздө миңдеген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, элдин жашоо турмушун жакшыртуу багытында зор эмгек кылып жатышат.

— Баарыбыз жадаган системаны өзгөртүп, кантип кескин реформа жасайбыз?

— “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бар эмеспи. Чет жерде жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз милларддаган акча каражаттарын жиберип жатышат. Аларга, өзгөчө жаштарга жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Өсүп келе жаткан муун акылын, билимин жана тажрыйбасын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшаса, сиз айткан реформа сөзсүз жасалат. Айрыкча, пандемияда чет жерде эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибиз кайра кайтып келишти. Кыйын учурда бир гана Ата Журт тосуп алып, жөлөк болоору тастыкталды. Алардын да көйгөйүн чечип, керектүү жардам менен камсыз кылууга тийишпиз.

-“Кыргызстан” партиясы өлкөнү оор кырдаалдан алып чыгууга кандай салым кошот?

— Биздин партиянын реалдуу, конкреттүү жана келечектүү планы бар. Аларды ишке ашыруу үчүн демилгелүү жаштарыбыз, тажырыйбалуу кесипкөй, эмгектин бардык баскычтарын, ысык-суугун көргөн аткаруучуларыбыз бар. Тагыраак айтканда партия мүчөлөрү жоктон бар кылган адамдар. Буюрса, мамлекетибиздин мойнундагы оор жүктү башка партия өкүлдөрү, баарыбыз чогуу-чаран алабыз. Ал үчүн ынтымакта болуп, элибизге керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек.

Эң башкысы алдыдагы шайлоо тынч өтүп, эл өз тандоосун эркин, мыйзамдуу шартта билгизип, болочоктогу парламент эл жүгүн аркалап, мамлекетти алдыга сүрөгөн бийлик бутагы болушу керек.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Количество просмотров: 49