• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рязанда кыргызстандыктар кырсыктады (видео)

2 Чын куран 20187:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV
Москва-Челябинск авто жолунун 337-чакырымында кичи автобуста бараткан кыргызстандыктар кырсыктады. Бул тууралуу орусиялык сайттар жазып жатышат.
Анда белгилүү болгондой Рязань облусунун аймагындагы кан жолдо 8 жүргүнчүсү бар кичи автобус башкаруудан чыгып, жол жээгиндеги мамыны келип сүзгөн.
“1-апрель күнү кечки саат 5:30дарда болгон кырсыктан 8 кыргызстандык жаран жабыркаган. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор. Honda кичи автобусунун эмне себептен кырсыктаганы боюнча тиешелүү кызматтар иликтеп жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча кырсыкка унаанын ылдамдыгынын жогору болушу себеп болгон”,-деп билдирген кырсык тууралуу ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы.

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 61