• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рыскелди Момбеков, “Азыр элге ТЭЦтеги авария эмес, афера керек болуп жатат”

10 Бугу 2018 9:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV
“Азыр элге Бишкек ТЭЦиндеги аварияны ким жасаганы эмес афераны ким жасаганы кызык болуп жатат”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтты.
Анын айтымында, ТЭЦтин чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия 100 күн ишти иликтеп, эл баарын унутуп койгондон кийин бүтүмдү алып чыккан.
“Биз дагы карап чыгып, кошумча беребиз, бир күндө эле карай калып эле добуш берип койгудай биз добуш берүүчү машина эмеспиз. Ал жактагы афераны жасагандардын ар бирин киргиздиңиздерби, жокпу, азыр бизге белгисиз. Отурумдар жабык өттү, биз эч нерсе уга элекпиз”,-деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүн депкомиссиянын корутундусу каралып, ага Башпрокуратура, Коррупцияга каршы Кызмат, каржылык кылыштарга каршы кызматтардын жетекчилери чакырылууда
Количество просмотров: 13