• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Рыскелди Момбеков, ЖКнын депутаты: “Бир киши эмнеге бир нече акционердик коомго мүчө болот?”

26 Чын куран 2018 10:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек 25.04.2018. Govori.TV
Бир эле адам бир нече акционердик коомдорго мүчө болгону кандай түшүнөбүз? Бул деген- бюджетти уурдоо!. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депупат Рыскелди Момбеков айтты.
Ал белгилегендей, учурда баардык жерде акционерлердин чогулуштары өтүп, анда бир эле адамдар бир нече акционердик коомдорго мүчө болуп жатат. “Мисалы, Айбек Калиевдин эки орун басары “Бишкек жылуулук түйүндөрү”, “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро” сыяктуу акционердик коомдорго мүчө экен. булар эмне балдызын багып жатабы  же бажаларын багып жатабы? Бирдеме десең эле, алар бюджеттен айлык албайт дейт экен. Акционердик коомдун мүчөлөр жакшынакай эле айлык алышат. Айлык албаса да булар демөөрчүлүк, кайрымдуулук иштерине деп өздөрү араң отурушат да, миллиондорду таратышат. Ошону бөлүп алып жатышат көрүнөт”,-деди ал.
Эске салсак, буга чейин бул маселени депутат Акылбек Жамангулов да көтөрүп чыккан болчу.
Количество просмотров: 11