• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Рысалиевге катара башкы прокуратура кылмыш ишин козгош керек

17 Бугу 201912:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жаманкуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу айтканы боюнча кылмыш ишин козгоону баш прокурордон талап кылды:

«Иманкадыр Рысалиевге коркутуу жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганы боюнча иш козгоңуз«, — деди Жээнчороев.

Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны башталды. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Количество просмотров: 14