Электр жарыгына тарифти көтөрүүдөн түшкөн каражат тууралуу сөз кылуу азыр эрте. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта «Улуттук электр тармактары» ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, түшкөн каражаттар жабдууларды алмаштырууга жумшалып жатат.
«Тарифти өзгөртүүдөн кийин эл алдында отчёт беребиз. Түшкөн каражат жабдууларды алмаштырууга жумшалды. Азыркы өчүрүүлөр техникалык себептерден болгон жок. Кайсы региондо колдонуу көп болсо, ошол жерде автоматтык түрдө өчүрүүлөр болуп жатат. Ушул сыяктуу аракеттер көрүлбөсө авариялык абалга алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө биздин компания кирешеге жетише элек. Анткени электр жарыгын элге өз наркынан төмөн сатабыз. Киреше тууралуу сөз кылуу эрте»,-деди ал .