«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Рыскүл Урумканова Ысык-Көл облусунан келди. Ал бул долбооргоо келип, кыйындар менен чогулуп алдыга жакшы максаттарды койдум деген пикирин айтты.
Айымыбыз өзү күнөскана тармагында эмгектенип, жарандарды күнөскана куруу багытында окутуп келет. Мындан тышкары кесиптик лицейде мугалим болуп эмгектенет.
«Мен дайыма «Кыйын» долбоорун көрүп келем. Алыстан угуп жакындан көргөн башкача болот экен. Мындан ары да ушул сыңары долбоорлорго катышсам дейм», — деди ал.