• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Сенкью вери мач! Курман ыраазы болсун! Рыскелди Момбеков премьерди, Бишкектин мэрин жемеледи

13 Аяк оона 201813:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кыргыз өкмөтүнүн россиялык ишмер Андрей Бельяниновдун айткандарына татыктуу жооп бербегени үчүн парламенттин жалпы жыйынында катуу сынга алды.
Депутаттын айтымында, Алматы шаарында 6-сентябрда болгон конгрессте Бельянинов кыргыз өкмөтүнө шек келтирген.
«Ошол конгрессте Россиянын атактуу ишмери Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтүн сындады, сындады десем сылык болуп калат, шылдыңдады, башкача айтканда, башынан ылдый жугунду куйду. Бирок ага өкмөттөн жооп болгон жок. Бельянинов эмне деп айтты? Кыргызстандын өкмөтү улам алмаша берип, биз адаша берип, окута берип тажадык деди. Акча берейин десең «долбоору жок» деди, түшүндүрөйүн десең «түшүнүгү жок түркөйлөр иштеп жатат» деди. Логикага таянып айтканда, кыргыз өкмөтүндө көк мээлер иштеп жатат деди. Өкмөттөн эч ким жооп берген жок. Эгерде өкмөттүн кадыр-баркы, ар намысы бар болсо, маселени өкмөттүн башчысы өзү көтөрүп, өзү жооп бериши керек болчу», — деди депутат.
Момбеков, андан сырткары, өкмөт Пушкиндин тилинде жооп берип койсо болмоктугун айтып, премьер-министр анын ордуна Көчмөндөр оюндарынын жабылышында Черчиллдин тилинде чечендигин көрсөтүп, англисче сүйлөгөнүн белгиледи.
«Англисче билген жакшы, бирок ал өкмөт үчүн эмес, өзү үчүн жакшы. Эл үчүн «энглиш» тилинде сүйлөгөн премьер керек эмес, эл үчүн эне тилинде сүйлөгөн, эсеп, экономиканын тилин билген премьер керек», — деди ал.
Эл өкүлү ошондой эле бир жумадан бери эч кандай жооп болбогонун дагы бир жолу белгилеп, Экономика министрлиги Финансы министрлигине, ал кайта беркисине шылтап отурганын айтты.
Ошондой эле Момбеков Бишкектин жаңы мэрин дагы сынга алды.
«Бишкектин мэрине кимди алып келдиңер. Бишкекке макамы бар мамлекеттик  тилди билген кишини алып келиш керек болчу.Чала тилди билген эмес, чарба тилди билген  кишини алып келиш керек болчу»-дейт Момбеков.

 

 

Количество просмотров: 28