Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер кен казуу үчүн «Кумтөр» долбооруна кайрадан берилгени тууралуу жеке пикирин билдирди.
“Кумтөр маселесин комитетте ийне-жибине чейин чечмелеп карайбыз. Негизи мен жер берүүлөргө каршымын. Бул маселенин тегерегинде көптөгөн суроолор бар”,- деди депутат Кожобек Рыспаев.