• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Сөөгү чыгышы керекпи?». Мадумаров абактагылардын абалына көңүл бурулбай жатканын сындады

22 Бештин айы 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселеси боюнча абакка алынган активисттердин абалы начарлап жатса дагы көңүл бурулбай жаткандыгын катуу сындады.

Анын айтымында, абактагы ачкачылык жарыялаган активисттердин ден соолугу начарлап жаткандыгын адистер айтып жатса да жетиштүү көңүл бурулбай жатат.

«Кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп дарыгерлер коңгуроо кагып жатышат. Бул жерде Жогорку Кеңеш эч нерсе болбогондой «бюджетти, статусту, регламентти карайлы» деп коюп, отурат. Же сөзсүз Марат Казакпаевге окшоп, сөөгү чыгышы керекпи? Бул жерде мыйзам, Конституция бузулбагандай, тымпыйып отургандын өзү — кайдыгерлик. 28 үй-бүлө сыздап отурат, биз жылуу-жумшак отуруп, мыйзамдарды кабыл алып отурабыз, бир нерсени өзгөртөбү бул? Жогорку Кеңеш эмнеге таасир эте алат, өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып атабыз?» , — деди Мадумаров.

Количество просмотров: 780