Бишкек.27.01.2018. Govori.TV
26-январда социалдык тармактын колдонуучулары жолдон өтүп бараткан жарандарды суракка алып, түкүрүп, сөгүп-сагып жаткан милиция кызматкеринин видеосун жарыялашкан.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1784704308258683/
Мас абалында көчөдө селсаяктарды коркутуп жаткан милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн кабарлады. Иштен алынган милиция кызматкери Бишкек шаарындагы Биринчи Май районуна караштуу мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын өкүлү экени аныкталды.
Окуя 2017-жылдын 29-декабрында тартылганы маалым болду.