• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

С.Исаков: Тогуз-Торонун акими жумуштан алынат

11 Чын куран 2018 15:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.04.2018 Govori.TV

Бүгүнкү акыбалга алып келген үчүн Тогуз-Торо районунун акими жумуштан алынышы керек. Бул туурасында премьер-министр Сапар Исаков Жогоку Кеңеште КСДП партиясына өкмөттүн отчет берип жатып айтты.

Белгилей кетсек бүгүн 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары курулуп жаткан алтын чайкоочу «Макмал алтын» комбинатын жабылышын талап кылышып, митингчилер, комбинатты өрттөп жиберишкен.

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Ички иштер министрлигине Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы бул сыяктуу жеке менчиккке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна долбоордук-сметалык документтердин жана тийиштүү уруксаат берүүчү документтердин болушуна карата тыкыр текшерүү өткөрүүсү тапшырылды.

 

Количество просмотров: 21