Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Кытайда Ухань шаарынын тургуну сүйүктүүсүн көтөрүп жатып, колун сындырып алды. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын көтөрүүгө аракет жасап, өзү арык болгонуна байланыштуу ал 65 килограмм салмактагы кызды көтөргөндө оң колунан үн чыгып, катуу ооруган. Дарыгерлер анын колун рентген аппаратына тартып, колунун сөөгү сынып, тарамышы үзүлүп кеткенин аныкташкан.
Сүйлөшкөн кыз-жигит Кытайдагы сүйүшкөндөр майрамдардын бирин белгилеп жатышкан.