Бишкек шаарындагы Эне жана балдарды коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүндө 3 эм ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы эне эгиздерди операция жолу менен бүгүн, 14-февралда жарык дүйнөгө алып келген.
“37 жумалык болуп төрөлгөн балдардын салмагы — 2,700 кг, 2,560 кг жана 2,800 кг. Учурда ымыркайлар эне сүтү менен тамактанып жатышат”,-деп айтылат маалыматта.