Бишкектеги шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда үч эм: эки кыз, бир уул жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдашты.
Ымыркайлардын бири — 1,4 кг (уул бала), кыздардын бири 1,74 кг, экинчиси — 1,69 кг салмакта төрөлдү.
«Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда — 33 жумасында жарык дүйнөгө келди. Алгачкы үч күн жандандыруу жана интенсивдүү терапия шартында болушту. Абалы турукташкандан кийин энесинин жанына которулушту. Учурда апасынын жанында дарылануусун улантып жатышат», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Ымыркайлардын апасы 33 жашта, улуу баласы бар.