• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сүлүктүдөгү шахтада 4 адам каза болду

24 Кулжа 202010:37 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабаралшты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан.

«Жерине ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 259