Баткендин Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталарынын биринде эски тосмо урап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге шахтада 5 адам калып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам түрдө 13 куткаруучу тартылган.
«Куткаруучулар төрт адамды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми бир адам куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча шахтадан чыгып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.