• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык мэрияларында кадрдык өзгөрүүлөр болду

28 Бирдин айы 202417:09 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык мэрияларында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары Бабаев Илязбек Дооранбекович ротациялоо тартиби менен Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Айтматов Мирланбек Мусаевич, Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ротациянын максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана муниципалдык кыматкерлердин дараметин жогорулатуу болуп саналат.

Количество просмотров: 181