• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үсөнбаев: 13 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат

26 Чын куран 202010:15 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, алтоосу реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 304 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда.

«Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат. 21 абалдын абалы орточо оор. 270 адамдын абалы канааттандырарлык», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 174