Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүдө жалпы 5,5 миңдей медкызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, медкызматкерлердин арасында 1-деңгээлдеги дарыгерлер, оорулуулар менен түзмө-түз иштегендер, мобилдик топтун кызматкерлери, үй карантинге чыгарылгандарды көзөмөлдөгөндөрү жана чек арада турган кызматкерлер бар.
«Алар жаңы алгоритм боюнча окуудан өтүшкөн», — деп билдирди Үсөнбаев.