• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ден соолукту текшерген бир айдын ичинде эле 10 миңдеген айымдардын дарты аныкталды

21 Жетинин айы 202412:44 Бишкек Govori.TV

760 миңден ашуун аялдар «Айымдардын ден соолугу!» республикалык бир айлыгынын алкагында медициналык мекемелерге кайрылышканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Октябрь айында республика боюнча 760 миңден ашуун аялдар республикалык бир айлыктын алкагында профилактикалык кароодон өтүштү. Бул өлкөнүн жергиликтүү медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50% түзөт.

Жыйынтыгында 45 000ге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 000 аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле, 5 600дөн ашуун аялда кант диабетинин жогорку коркунучу аныкталды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 227