• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Үсөнбаев: Октябрда COVID 100дөн ашык мектеп окуучусунан аныкталды

20 Тогуздун айы 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Октябрь айында коронавирус 110 мектеп окуучусунан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, окуучулар 1-чейректи онлайн режимде окуп бүтүрөт.

«Өткөн айда 34 окуучу коронавируска кабылса, октябрь айында 3 эсеге өскөнүн байкоого болот. Илдет 110 мектеп окуучусунан табылды», — деди ал.

Үсөнбаев өлкөдө эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 175