• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сүрөт — Ошто эт комбинаты ачылды

5 Бештин айы 2018 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV

Ош шаарында эт азыктарын кайра иштетүүчү эт комбинаты ачылды. Бул тууралуу  Ош шаардык мэриясы маалымдады.
Комбинат эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу тейлөө кызматын  көрсөтүп ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын экспорттойт.

«Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү малдар, 300 баш кой, эчкилер союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 миллион 280 миң сомду түзөт», -деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө. Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган. Учурда шканада 60 жумушчу эмгектенип жатат.
Шаар жетекчилигин катышуусунда аталган комбинат 4-декабрда расмий ачылды.
Шаар жетекчиси аталган ишкана Ош шаарынын жана өлкөнүн өнөр жай тармагына жана экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө басым жасап, жумуш орундарын, ишканаларды ачууда жеке ишкерлерге ар дайым колдоого көрсөтүп келет. «Келечек» комбинаты эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтүп, коңшу өлкөлөргө ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын экспорттойт”,-деди Т.Сарыбашов.

Количество просмотров: 40