• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ош шаарында жалпы ишембиликте 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды

4 Жалган куран 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мекеме-уюмдардын, муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жашоочулар активдүү катышты. Ишембиликтин алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актап-сырдоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды.

Ошондой эле, билим берүү уюмдарында жалпы 1200 түп декоративдик жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Количество просмотров: 172