• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Сүрөт — Ысык-Көлдөгү катуу шамал имараттардын чатырын талкалап, электр зымдарын үздү

2 Бештин айы 201823:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.12.2018.Govori.TV

30-ноябрда, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында катуу шамал боло турганы тууралуу маалымат тараткан.

1-декабрдан тарта шамалдын негизги чордону Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облустарында катталды.

Ысык-Көл облусунун аймагында катуу шамал болуп, үйлөрдүн, социалдык объектилердин чатырларын учуруп, электр зымдары үзүлдү. Анын кесепетинен бир катар аймактарда электр жарыгы өчкөн.
Интернет колдонуучулары учурда шамалдын кандай зыяндарга алып келгенин чагылдырган сүрөттөрдү социалдык тармактарга илип жатышат. Бактыга жараша шамал адам өмүрүн алган эмес,бирок, көп чыгымга кириптер кылган.

Facbook колдонуучусу Жалил Джариев Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатынын шамалдан кийинки көрүнүшүнүн сүрөттөрүн жарыялады.
Тартылган кадрдан ири дарактар имараттарды басып калганы көрүнөт.

Количество просмотров: 17