• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сүрөтчүлөр союзу Жангарачеваны кызматка кайра алып келүүнү суранышып, Жээнбековго кайрылуу жөнөтүштү

4 Бештин айы 2019 10:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Сүрөтчүлөр союзу башкармалыгы кечээ Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болгон окуяга байланыштуу чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу чыгармачыл бирикмеден билдиришти.

Кесипкөй сүрөтчүлөрдүн пикиринде, феминаледе чынында эле чагымчыл перформанс болду. Алар «чыгармада» көркөм баалуулук болбогонун, актуалдуулугун жоготкон эскирген жана жөнөкөй ыкмалар колдонулганын баса белгилешти. Кеп Даниядан келген модель кыздын жылаңачтанганы тууралуу болууда.

Сүрөтчүлөр союзу башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айтымында, жаш министр Азамат Жаманкулов музейдин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алуу тууралуу буйрукка кол коюп, шашылыш чечим кабыл алды.

«Кызматтан бошотуу тууралуу чечим шашылыш кабыл алынды. Мында музейдин жетекчисин колдонуп кетишкени айкын болду», — деп белгилүү сүрөтчү Эркин Салиев соцтармакка жазган.

Сүрөтчүлөр союзу Мира Жангарачеваны кызматка кайра алып келүүнү суранышып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүштү.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чара коомдо кызуу талкууга алынып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында митинг өтүп. Анда музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан бошотулганы маалымдалды.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 52