Бишкек.11.01.18.Govori.TV
Белгилүү сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов ундун жардамы менен биринчи жолу сүрөт тартты.
Маданият тармагында мындай өнөр ээси чоң жаңылык жаратып жаткан кези. Анткени ал биринчи жолу ун менен депутат Чыныбай Турсунбековду жубайы менен тарткан.
«Мага ар дайым изденип жаңы нерселерди жасап, эксперимент жасаган жагат. Кыргызда эң ыйык нан болуп эсептелинет, ал нан ундан жасалат эмесби. Ошондуктан мен ундун жардамы менен сүрөт тартып көрүүнү туура көрдүм»-дейт сүрөтчү Койчуманов.
Мындан сырткары сүрөтчү ун менен кыргыздын белгилүү улуу адамдарынын сүрөтүн тартууну пландап жатканын да билдирди.