Бишкек.14.02.18.Govori.TV
Ырчы Айжамал Кабылова: «Сүйүү майрамы бул менин майрамым эмес»![]()
Бүгүн таң атпай эле соцтармактардан, WhatsAppтан, жеке кат аркылуу ар кандай жылуу сөздөр айтылган куттуктоо, каалоо-тилектер келип жатат. Ооба, жаш кезде бул күндү абдан жакшы көз ирмемдер, өзгөчө романтика менен сонун кылып өткөргөнбүз. Бирок, сүйүү майрамы бул менин майрамым эмес, мен үчүн унутулуп деле калды. Баардыгы эмнеге сени кыргыз эли сүйөт да деген жооп жазып жатышат, бирок мен бул күндү өзгөчө деле майрамдап өткөрбөйм. Анткени бул майрам жаштардыкы да.
Ырчы Ильгиз Абдалиев: “Махабат майрамын каттуу сүйүшүп туу туткандар жакшы белгилеп майрамдайт болуш керек”
Бүгүнкү сүйүү майрамы менен күйөрмандарымды куттуктап Караколго алгачкы ирет жеке концертимди берем деп камынып жатам. Өзүм бул майрамды майрамдап деле көргөн эмесмин. Бүгүнкү махабат майрамын каттуу сүйүшүп туу туткандар жакшы белгилеп майрамдайт болуш керек деп ойлойм. Бирок, сүйүү махабат күнү экенин билем.
Ырчы Айдана Дека: «Сүйүү майрамы мен үчүн “серьезный ” деле кабыл алынган майрам эмес»
Бүгүнкү сүйүү майрамы мен үчүн “серьезный ” деле кабыл алынган майрам эмес. Бирок, көңүл үчүн, жакшы маанай үчүн өзүмдүн жакын адамдарыма, досторума белек бергенди жакшы көрөм. Эгерде менин сүйгөн адамым болсо бул күндү сөзсүз түрдө майрамдайт болушум керек деп ойлойм.