• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

С.Жээнбеков: Келечекте бардык мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар бир багытта иштейт

13 Баш оона 2018 11:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында биринчи этап катары 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта биринчи жолу Улуттук кеӊештин жыйыны өтүүдө.

Анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланып, каралат.

Отурумда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер жана массалык маалымат каражаттары катышууда.

Күн тартибиндеги биринчи маселе — 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө айтып жатып, Мамлекет башчысы Улуттук кеӊештин 2017-жылдын 15–ноябрындагы жыйынында бул маселе каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын эске салды.

Андан бери стратегиянын долбоорун талкуулоо кеӊири форматта болду. Ага мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү, эксперттер, кесиптик бирикмелер, бардык кызыкдар жарандар катышты. Донордук кеңеш менен жолугушуулар болду, алар да өздөрүнүн сунуштарын беришти, парламенттин депутаттары активдүү катышышты.

«Абдан көп сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү. Алардын баары теӊ каралып чыгып, мезгилдин талабына жооп берген пикирлер эске алынды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана бул талкууга катышып, өз салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

«Азыр келечек жөнүндө, өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн бардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландарын аныктап, аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эӊ негизгиси — келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталганын белгиледи. Ошондуктан бул стратегия — Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш.

«Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары — ушул Улуттук Стратегия кызмат кылат», — деп белгиледи Президент.

Ал жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал Президенттин Жарлыгы менен бекитилерин белгиледи.

«Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясий, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун өнүктүрүү программалары шаардык кеӊештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.Мамлекет башчысы белгилегендей, Стратегия 2040-жылга чейинки мезгилде, этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат. Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар, жасалчу иштер так аныкталды. Алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашырылуучу долбоорлор, конкреттүү милдеттер белгиленди. Алардын аткаруу мезгили, каржы булактары, адам ресурстары жана мыйзамдык нормалары такталды.

«Ошондуктан ушул этапта — 2023-жылга чейин аткарылчу иштер өзүнчө бөлүнүп, такталып, силердин назарыӊыздарга сунушталып жатат», — деп айтты Президент.

«Биздин максат — өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясий туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо — өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу — негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көӊүл бурулат. Мен өлкөнүн Президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал биринчи кезекте адамдардын потенциалын өстүрүү керектигин белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн адам ресурстарынын сапаты биринчи орунга чыкты.

«Сунушталып жаткан Стратегиянын мурдагы мамлекеттик документтерден айырмасы — бул Стратегия биринчи кезекте адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Эми бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот. Ал үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн рамкасынан сырткары дагы, соттук, укуктук, демократиялык багыттарга да өзгөчө көңүл буруу талап кылынды. Ошол эле себеп менен руханий баалуулуктарга, каада-салтыбызга аяр мамиле кылууга, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди», — деп белгиледи Президент.

Ал эӊ жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдет — сот реформасын ишке ашыруу экенин белгиледи. Эл ишенген, калыстыктан тайбаган сот системасы орносо, өлкөнү өнүктүрүүнүн эӊ негизги фактору камсыз кылынат. Ошондой эле соттук иштердин ачык-айкындыгын, сот процесстеринин заманбап технологиялар менен жабдылышы камсыз кылынышы керек.

«Стратегиябыздын максаты — улуттук сот системасын куруу, адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо. Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Биринчи этаптын алкагында Президент коррупция менен күрөшүүнү улантуу, башкаруунун тазалыгын, кабыл алынган чечимдердин адилеттигин, ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүп, башкаруу чөйрөсүндөгү технологияларды башкалардан артта калбай өздөштүрүү керек.

«Ошондуктан „Түндүк“ электрондук системасын тез арада ишке киргизүү, жалпы эле „Таза коом“ долбоорун ишке ашыруу — бардык бийлик бутактарынын актуалдуу иши, баарыбыздын алдыбызга коюлган максат. Жаӊы технологиялардын, жаӊы экономикалык платформалардын, жаӊы инфрастуктуралардын жайылуусу күтүлүүдө. Бул тенденциялар элге кызмат көрсөтүүгө, билим алууга, саламаттыкты сактоого өзгөртүү киргизүүнү шарттайт. Эмгек рыногун кескин өзгөртөт. Биз бул чакырыктарга өлкөбүздүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн, жалпы эле жарандарын даярдоого милдеттүүбүз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент узак мөөнөткө максаттарды белгилеп жатканда глобалдык жана регионалдык тенденцияларды сөзсүз эске алуу зарылдыгын белгиледи. Дүйнөдө олуттуу экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр орун алып жатат. Алар Кыргызстандын өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет.

«Коӊшу мамлекеттер, стратегиялык өнөктөшүбүз — Россия менен достук мамилелердин өнүгүүсүнө өзгөчө маани беребиз. ЕАЭС, Жамаатык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташтык уюмдарына мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыӊдоо — биздин стратегиялык максаттарыбызга кирет. Жакынкы коӊшубуз — Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деӊгээлге көтөрдүк. Бул багытты улантабыз. Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Эл аралык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму менен иштөөгө артыкчылыктуу маани беребиз», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Улуттук стратегиянын долбоору жарыяланып, коомдук талкууга коюлганын, эл аны жакшы билерин эске салды.

«Мен өзүм да биздин стратегиялык пландарыбызды элге жеткирүүгө аракет кылдым. Региондорго барып, эл менен жолугушуп, келечек жөнүндө ой бөлүштүм. Стратегиялык өнүгүүнүн багыттары жөнүндө мен Жогорку Кеӊештин сессиясында чыгып сүйлөдүм. Жакында эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог болду. Биз кеӊири алкакта өнүгүү маселелерин талкууладык. Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жакшы пикир алыштык. Алардын ой-пикирлерин, сунуштарын да камтыганга аракет кылдык. Бул жолугушуулар көрсөткөндөй, коом бизден өлкөнүн узак жана орто мөөнөттүү өнүгүү багыттарын аныктоону күтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан кийин Мамлекет башчысы КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук Кеӊештин секретары Нурсулу Ахметовага «Кыргыз Республикасын 2018-2040 жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын» презентациялоо үчүн сөз берди.

Количество просмотров: 33