• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Саат 10:00гө карата референдумга 5% шайлоочу добуш берди

11 Чын куран 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Саат 10:00гө карата Конституция боюнча референдумга 181 миң 801 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 172 миң 139 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 5,19%ын түзөт. Шаардык кеңештерге 49 миң 889, айылдык кеңештерге 122 миң 250 шайлоочу тандоосун кылды»,-деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Количество просмотров: 46