• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сабиров көмүр тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

19 Үчтүн айы 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү келечеги боюнча кеңешме өткөрдү, — деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Көмүр тармагы респуликанын отун-энергетикалык комплексинин алдыңкы тармагынын бири. 2010-2020-жылдары көмүр казуу көлөмү 570 тен 2 460,2 миң тоннага дейре өстү», — деди Равшанбек Сабиров.

Кеңешменин жүрүшүндө атамекендик көмүр өнөр жайынын абалы жана аны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө тийиштүү актуалдуу темалар белгиленип, 2018-2020-жыл аралыгындагы көмүр өндүрүү жана экспорттоо боюнча маалымат угулду.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, көмүр казуунун көлөмүнүн өсүшүн төмөнкү чаралар шарттаган:

  • Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн жергиликтүү көмүр ташуу көлөмүн жогорулатуу негизинде Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүү;
  • коңшу өлкөлөр, тактап айтканда, Кытай Эл Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен кыргыз көмүрүн экспорттоо боюнча байланыштарды калыбына келтирүү, Өзбекстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан газды экспорттоо үчүн үнөмдөө максатында кабыл алынган көмүрдү пайдалануу саясаты;
  • өлкөнүн түштүгүндөгү цемент чыгаруучу ишканаларга технологиялык максатта пайдалануу үчүн көмүр ташуу көлөмүн сактоо жана кеңейтүү.

Лицензиялоого тийиштүү белгиленгендей, 2019-жылдын 22-майына карата көмүр кендерине 187 лицензия берилген, анын 114 лицензиясы иштетүүгө берилсе, 71 лицензиясы – долбоорлоо баскычында.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, 2018-жылы 71 лицензия ээси лицензиялык келлишимдин шарттарын аткарган эмес. Казып алуу көлөмү боюнча шарттар аткарылбай, 606,9 миң тонна көмүр казылбай калган, ал эми иш жүзүндө 2 998,3 миң тонна казылып алынмак. Лицензиялык келлишимдерге ылайык, 2019-жылы 3 746,8 миң тонна көмүр казып алуу пландаштырылган, бирок отчет боюнча, болгону 2 809,3 миң тонна (937,5 миң тонна казылбай калган) көмүр казылып алынган.

Маалыматты уккан соң, вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалын жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды берип, мамлекекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасында болжолдуу түрдө 6,4 млрд тоннадан ашуун запасы бар 70 көмүр кени бар, анын ичинде:

  • Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде – 5,2 млрд тонна;
  • Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Көк-Жаңгак, таш-Көмүр жана Тегенек кендериндеги таш көмүр – 1,08 млрд тонна;
  • Туюк-Каргаш көмүр кени – 119,6 млн тонна.

Учурда көмүрдүн өнөр-жай запасын өздөштүрүү деңгээли 0,13 % түзөт.

Количество просмотров: 56