• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сабиржан Абдикаримов: Ооруканаларда орун жетиштүү

22 Кулжа 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Бүгун Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов онлайн маалымат жыйын берип, суроолорго жооп берди. Ага белгиси билинбеген бейтаптарды эмне себептен үйдө жаткыруу чечими кабыл алынды, бул чечим ооруканаларда орун жок дегенден кабар бербейби деген суроо узатылды.

Буга жооп берген министр бейтапканаларда орун жетишүү экенин айтты.

«Ооруканаларда орун жок деген маалымат туура эмес, орун жетиштүү. Ал эми оору өзгөчө белгисиз өтүп жаткан бейтаптарды үйдөн даарылоо ыкмасы көбүнчө эле мамлекеттерде катталып жатат. Баары көзөмөлдө», — деди ал.

Ал билдиргендей, азыркы тапта ооруканаларда 571 адам дарыланууда. Алардын ичинен 36 бейтаптын абалы оор − 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 155 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле 724 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Эске салсак, акыркы сутка ичинде коронавирустун 205 жаңы учуру катталса, 3 бейтап оорудан каза болду.

Количество просмотров: 106