• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров качан акталат.Дача СУ кырсыгына учкучту  күнөөлөштүбү? Соңку жаңылыктар 05.06.18.

5 Кулжа 2018 16:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06.2018. Govori.TV

Садыр Жапаров качан акталат
Жогорку соттун имаратынын алдында ушу тапта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери пикет өткөрүп жатышат. Пикетке чыккандар колдоруна Садыр Жапаровдун акталышын талап кылган плакаттарды кармап алышкан. Белгилей кетсек, жогорку инстанцияда Жапаровдун доо арызын кароону 29-майда баштаган. Ал күнү судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө калган. Белгилей кетсек,  Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу «митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде кармалган.Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, «соттор саясий буюртманы аткарып жатышат» деп билдирген.
Дача СУ кырсыгына учкучту  күнөөлөштүбү?
Дача СУ кыштагындагы авиакырсыкка «учактын экипажынын катасы себеп болгон» деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин транспорт боюнча комитетинин жыйынында «Манас» аэропортунун директору Эмир Чукуев билдирди. Ал эми транспорт министри Жамшитбек Калилов кырсыктан жабыркагандарга кенемтелер толук төлөнгөнүн, анын өлчөмү жарандардын каалоосу менен ачык айтылбаганын кошумчалады. Былтыр 16-январда эртең менен Дача СУ кыштагына Түркиянын «АСТ Airlines» компаниясына таандык «Боинг» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч курман болгон. Расмий маалымат боюнча, Гонгконгдон Стамбулга жол тарткан учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жаткан.
Чечилбеген чек ара маселеси
Баткендин Кулунду айылында ушу тапта кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди. Жолугушууга мамлекеттик каттоо, прокуратура органдарынын райондук деңгээлдеги жетекчилери катышып, чек арадагы 4-июндагы окуяны талкуулоодо. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалга тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун билдирди. Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө 4-июнда кечке жуук Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чатак чыкканы ырасталган.
Количество просмотров: 14