• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садык Шер-Нияз: «КТРКнын Байкоочу кеңеши, директорунун этегине кирип алгандай сезилет»

21 Үчтүн айы 2019 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

«КТРКнын Байкоочу кеңеши корпорациянын директорунун этегине кирип алгандай сезилет», — деп бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

Садык Шер-Нияз КТРКнын Байкоочу Кеңеши эң жогорку орган экенин кошумчалады.

Саясий оюндар, шайлоо болуп жатканда КТРК бир жактуу маалымат таратып, бир жактуу иш алып барганы баарыбызга маалым. Байкоочу кеңеш эмне туура, эмне туура эмес болгонун айтыш керек болчу. Бир тараптуу жалган айтылган учурлар болду. Чындап болгон нерсени айтып жатабыз. Биз силерди шайлап берип жаткандан кийин, ак-ниет менен иштеп бергиле да», — деди депутат.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтому каралды.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 27