• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам

24 Теке 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Кыргызстандагы суу тартыштыгы боюнча суроого жооп берген.

Жапаров эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСР курулбаганын айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Биринчиден албетте жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү менен, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы. Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби — эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин курулбагандыгы (БСР – бассейны суточного регулирования. Ред*). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет. БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен баардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек»,-деген ал.

Количество просмотров: 545