• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Садыр ава» дейинби же «аба» десем болобу?Депутат алфавитти өзгөртүүнү сунуштады

19 Чын куран 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, алфавитти өзгөртүү тууралуу сунушун айтты.

«Ава» деген сөз Ысык-Көл менен Баткенде көбүрөөк колдонулат. Мисалы, Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө «Садыр ава» деп кайрыла берем, эгер кат жазып калсам «урматтуу Садыр «ава» же «аба» деп жазамбы?», — деди Осмонов.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова бул кыргыздын төл сөзү экенин айтты.

«Бул илгертен «обо» сөзүнөн пир туткан, улуу дегенден келип чыккан. Бардык дубанда эле «ава» деп колдонулат, бирок жазылышында маселе бар. «Ава» деп эле айта берген туура, жазылышы «аба» болот», — деди Орозобекова.

Депутат айтканда башкача, ал эми жазганда башка маани болуп калып жатканын белгилеп, «W (дабл ю) тамгасын киргизишибиз керек» деген пикирин айтты.

Количество просмотров: 490